ГЛОБУЛИНДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:02, 18 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЛОБУЛИНДЕР (лат. globulus – тоголок) – табиятта кеӊири таралган белоктор тобу. Туздардын, кислоталардын, щелочтордун начар эритмелеринде жакшы, сууда начар эрийт; аммоний сульфатынын каныккан эритмесинде чөгөт. Өсүмдүк ж-а жаныбар ткандарында болуп, цитоплазма, кан ж-а лимфанын суюк бөлүгүнүн курамына кирет. Кан сары суусунун белогунун дээрлик жарымын Глобулиндер түзөт. Глобулиндердин көбү жөнөкөй белоктор, айрымдары углеводдор, липиддер, нуклеин кислоталары, иод (тиреоглобулин) м-н байланышкан. Организмдин иммундук касиетин (антитело) аныктайт. Кандын уюшуна (протромбин, фибриноген ж. б.) темир, жез ташууга катышат. Кандын суюк бөлүгүндө Глобулиндерден башка альбумин белоктору кездешет. Гамма Глобулиндер дары катары колдонулат.