ГЛОБУС
ГЛО́БУС (лат. globus – шар) – Жер шарынын аянттарынын өз ара катыштары менен геометриялык окшоштугу сакталып түзүлгөн модели; бетине Жердин картографиялык сүрөттөлүшү түшүрүлгөн шар (сфера). Анда географиялык карталардай эле градустук торчолор, меридиандар менен параллелдердин атайын системасы (5°, 10°, 15°же 30°) түшүрүлөт. Меридиандар менен параллелдер тик бурч боюнча (90°) кесилишет (карталарда мындай тактык чанда гана сакталат). Мындан тышкары Глобуста картадай эле Түндүк же Бөйөн тропиги (231/2түн. кеӊдик) жана Түштүк же Текечер (231/2түштүк кеӊдик) тропиги, ошондой эле Түндүк уюл тегереги (661/2 түндүк кеӊдик) менен Түштүк уюл тегереги (661/2түштүк кеӊдик) жана башка негизги картографиялык элементтер көрсөтүлөт. Глобустун көбү 1:30 млн – 1:80 млн масштабда болот. Картографиялык мазмуну жагынан ар түрдүү; алардын ичинен физика-географиялык жана рельефтик (тоолор менен дөӊсөөлөрдүн элеси түшүрүлгөн) Глобус көп тараган. Алгачкы географиялык Глобусту 1492-жылы М. Бехайм жасаган. XVII–XVIII кылымдарда Глобус деӊизде сүзүүдө колдонулган, деӊиз карталары менен лоциялар чыккандан тартып, мектептерде окуу куралы катары пайдаланылат. Азыркы учурда навигациялык иштерде көбүнчө географиялык карталар колдонгонуна карабай, айрым учурда үйлөмө Глобустар да пайдаланылууда.

