ГЛЮК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:43, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЛЮК Кристоф Виллибальд (2. 7. 1714‚ Бавария, Эрасбах – 15. 11. 1787‚ Вена) – немец композитору‚ скрипач, виолонгелист, муз. классицизмдин көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. 107 операнын автору. Анын «Артаксеркс» (1741), «Орфей жана Эвридика» (1762)‚ «Альцеста» (1767)‚ «Парис жана Елена» (1770), «Ифигения Авлидде» (1774)‚ «Армида» (1777)‚ «Ифигения Тавридде» (1779) чыгармалары опера-серияны түптамырынан өзгөртүүдө ж-а операнын жаӊы түрүн түзүүдө тарыхый роль ойногон. Ал Л. Керубининин‚ Л. Бетховендин‚ кийин Г. Берлиоздун‚ Ф. Листтин‚ айрыкча Р. Вагнердин чыг-лыгына таасир эткен. Г. көп кырдуу таланттуу музыкант болгон. Ал бир нече муз. аспаптарда ойногон‚ ырдаган‚ балет өнөрүнүн өзгөчөлүгүн

К. В. Глюк. Ж. Б. Грёз тарткан портрет. Лувр. Париж.

жакшы билген. Вена балетмейстери м-н бирге бир нече хореогр. драмаларды койгон. О. эле көрүнүктүү опера дирижёру да болгон.