ГОЗО ЗЫЯНКЕЧТЕРИ
ГОЗО ЗЫЯНКЕЧТЕРИ – пахта чарбачылыгына зыян келтирүүчү ар кандай жандыктар. Гозонун негизги зыянкечтери – мите жөргөмүш, гозо бити, өсүмдүк бити, пахта ж-а күздүк көпөлөк, карадрин, чегиртке ж-а бүргөлөр, өрмөкчү кене. Зыянкечтер гозону жер бетине чыккандан баштап ал бышканга чейин жеп бүлдүрөт. Өз убагында зыянкечтерге каршы чара көрүлбөсө, гозону жеп кургатып, пахтанын түшүмүн 30–50%ке азайтат. Гозо зыянкечтерине каршы күрөшүү чаралары: гозону которуштуруп эгүү, чигитти «ууландыруу», өз убагы м-н химиялык препараттарды керектүү өлчөмдө чачып туруу, пайдалуу курттарды көбөйтүп, пахта талааларына коё берүү ж-а отоо чөптөрдөн арылтуу ж. б.