ГОЛАРКТИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:15, 18 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОЛА́РКТИКА, г о л а р к т и к а о б л у с у (гр. hjljs – бүт ж-а arktiкos – түндүк) – кургактыкта эӊ чоӊ аянтты ээлеген флоралык ж-а зоогеографиялык облус (арктогея) Голарктика түндүк жарым шардын дээрлик бардык кургак аймагын, Түндүк Америка, Европа, Африканын түндүгү ж-а Азиянын басымдуу бөлүгүн ээлейт. Голарктиканын түштүк бөлүгү түндүгүнөн флоранын көп түрдүүлүгү м-н айырмаланат. Анын өсүмдүктөрү: татаал гүлдүүлөр, дан өсүмдүктөрү, ыраӊдар, чанактуулар, байчечекейлер ж. б. тукумдардын өкүлдөрү. Көбү – эндемиктер. Бул облус ландшафтынын көп түрдүүлүгү м-н мүнөздөлүп, ага тундра, тайга же ийне жалбырактуу токой, жалбырактуу токой, талаа, жарым чөл, ошондой эле тоо системалары да кирет. Түштүктөн түндүккө жакындаган сайын мамык чөптөр, эӊилчектер, козу карындар көп учурайт. Голарктика Жер Ортолук деӊиздин, Борбордук Европа, Борбордук Азия, Чыгыш Азия, бореалдык ж-а Арктикалык болуп өсүмдүктөрдүн бир нече кичи облустарына бөлүнөт. Голарктика зоогеографиялык облусуна (арктогея) кенен ареалды ээлеген белгилүү тукум ж-а уруунун өкүлдөрү (карышкыр, түлкү, коён, каман ж. б.) ж-а бир аз сандагы эндемик түрлөр (куну, көр чычкан, каракур ж. б.) мүнөздүү. Бирок, ландшафтынын көп түрдүүлүгүнө ж-а аймагынын чоӊдугуна карабастан, фауна түрлөрүнүн ж-а систематикалык категориялардын саны өтө аз болот. Түндүк бөлүгүндө фаунанын аздыгы ал облустун климатынын катаалдыгына байланыштуу.