КОРПУС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:20, 28 Май (Бугу) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́РПУС (лат. corpus – дене, бир бүтүн) – түрдүү мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн кургакта­гы аскерлеринин жалпы аскердик жогорку би­рикмеси. Кызыл Армияда 1919-жылы атчан аскер­лер, 1921-жылы аткычтар корпусу түзүлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш (1941–45) мезгилинде Кызыл Армияда аткычтар, атчандар, артиллериялык, аба-десант, авиация, механикалашкан ж-а танк корпустары болгон. Азыркы корпустар, мисалы, АКШнын армиялык корпусу штабдан, бөлүктөрдүн түрдүү кызмат топторунан, 2–4 ж-а андан да көп ди­визиядан (анын 1–2си бронетанкалык) куралып, согуш убагында талаа армиясынын курамында да, өз алдынча да аракеттене алат.