КОРРЕКТУРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:33, 28 Май (Бугу) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРРЕКТУ́РА (лат. correсtura – оңдоо, жакшыр­туу) – басмаканалык макалалардын грамматикалык, техникалык ж-а мазмундук каталарын оңдоо процесси; 2) басмаканалык терүүнүн оттиски. Байкалган каталарды белгилөө үчүн корректуралык белгилер кол­донулат. Корректуранын басмалык түп нуска-макет боюнча окулма, басмаканалык ж-а репродукциялык басуу формаларынын корректурасы деген 4 түрү бар. Корректуранын биринчи эки түрүндө терүүдө кетирилген каталар оңдолот. Басмалык корректурада автордун, ре­дактордун ж-а техникалык редактордун оңдоолору кир­гизилет. Репродукциялык басуу формаларынын корректурасында текшерүү үчүн берилген бир түстүү от­тисктер түп нусканын (кол жазма) өзү м-н са­лыштырылат да, барактын четине басуу элемен­тин күчөтүү же басаңдатуу керектиги белгиле­нип, басуу формасында оңдолот.