ГОЛОВНИН
ГОЛОВНИ́Н Василий Михайлович [8(19).4.1776, азыркы Рязань облусу, Гулынки кыштагы – 29.6 (11.7).1831, Петербург] – орус деӊиз саякатчысы. Петербург ИАнын корреспондент-мүчөсү (1818); вице-адмирал (1830). 1792-жылы Москва корпусун бүткөн. 1802–06-жылдары волонтёр катары англиялык кемеде сүзгөн. «Аскер-деӊиз белгилеринин жыйнагын» түзгөн (1806–07). Дүйнөнү эки жолу айланып чыккан: (1807–09-жылдары «Диана», 1817–19-жылдары «Камчатка» парустуу кемелеринде). 1808-жылы апрелде «Диана» м-н Илгери Үмүт тумшугуна жетип, Түштүк Африкада (Саймонстаунда) англичандар тарабынан кармалып, 1809-жылы бошонгон. Ошол эле жылы «улуган кыркынчы» кеӊдиктерди кесип өтүп, Петропавловск-Камчатскиге жеткен. Кунашир аралын изилдөө мезгилинде 1811-жылы япондор тарабынан кармалып, 2 жыл туткунда болгон. Головниндин Япония ж-а анын эли жөнүндөгү кол жазмалары 1816-жылы жарык көрүп, бир нече тилге которулган. 1821-жылы деӊиз корпусунун жардамчы директору болуп дайындалган, 1823-жылдан флоттун генерал-интенданты. Головниндин жетекчилиги м-н 200дөн ашык аскер кемеси курулган. Головниндин ысмы м-н Аляска жарым аралындагы бухта ж-а лагуна, Кунашир аралындагы дарыя, кыштак, Курил аралындагы кысык, Жаӊы-Жер архипелагындагы тоо ж-а тумшук аталган.
Ад.: Давыдов Ю. В. Головнин. М., 1968; Фраерман Р. И., Зайкин П. Д. Жизнь и необыкновенные приключения капитана-лейтенанта Головнина… М., 1957; Дивин В. А. В. М. Головнин. 2-е изд. М., 1952.