КОРС-ЭТТИ
КОРС-ЭТТИ – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Ийри-Суу айыл округуна караштуу. Корс-Этти капчыгайында, деңиз деңгээлинен 1260 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 22 км түндүк тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 72 км. Калкы 1398 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.