КОРУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 29 Май (Бугу) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРУК – коргоого алынган жаратылыш айма­гы. Жалпы жаратылыш комплексин мурдагы калыбында өзгөртпөй сактоо максатында уюш­турулат. Мында чарбалык иштер жүргүзүлбөйт. Адатта, корук үчүн белгилүү географиялык зонага өтө мүнөз­дүү жерлер же илимиий жактан өтө баалуу табигый объектилер (айбанат ж-а өсүмдүк түрлөрү, тоо байлыктары ж. б.) бөлүнүп берилет. Анда жара­тылышка ар тараптан илимий изилдөөлөр жүргүзү­лөт. Кыргыздарда айдоо, эгиндүү, чабынды ж. б. ушул сыяктуу мал кайтарылуучу жайыт жерлер да корук деп аталат. Кыргызстанда Беш-Арал, На­рын, Сары-Челек, Ысык-Көл коруктары бар. Ала- Арча, Беш-Таш, Чоң Кемин ж. б. улуттук жа­ратылыш парктары уюшулган.