КОРУНД
КОРУ́НД (санкритче kurubinda – рубин) – оксиддер классына кирүүчү минерал. Химиялык формуласы Al2O3. Курамында 53,8% алюминий бар. Тригон системасында кристаллданат. Өңү-түсү курамында кездешүүчү темир, хром, титан сыяктуу киринди элементтерге байланыштуу.

Кызыл түстөгүсү – р у б и н, көгүлтүрү –
с а п ф и р, түссүзү – л е й к о с а п ф и р. Катуулугу Моостун шкаласы боюнча 9. Салыштырма салмагы 4. Кремний кычкылы өтө аз санда кездешкен магмалык тектерде (сиенит), анортит-корунддуу дайкаларда, метаморфизмделген тектерде, экинчи жолу пайда болгон кварциттерде кездешет. Өтө кооз мөлтүрөгөн тунук түрлөрү (рубин, сапфир ж. б.) илгертен асыл таш катары колдонулуп келет. Жасалма түрлөрү бокситти калыбына келтирүүчү темир таарындылары м-н бирге эритилип, электр мештеринде алынат. Булар абразив материал катары колдонулат. Ошондой эле порошок металлургиясынын ыкмалары м-н металлдарды жогорку температурада иштеткенде керек болуучу кескичтер жасалат. Жасалма түрлөрүн (монокристаллдуу тунук түрү м-н өзөктөрүн) кычкылтек-суутектүү жалын м-н чопону эритип алса болот. Синтетикалык жол м-н алынган сапфир, рубин, топаз, александрит, аметист ж. б. кооздук иштерде, кызыл рубин саатта, так приборлордо, өзөктөрү оптикалык генераторлордо (лазерде) пайдаланылат.