«ГОЛОС ПРОЛЕТАРИАТА
«ГО́ЛОС ПРОЛЕТАРИА́ТА » – гезит, партиянын Каракол комитетинин жана уезддик-шаардык революциялык комитетинин органы катары 1918–1923-жылы Каракол шаарында орус тилинде чыгып турган. 1920-жылдын август айынан «Призыв к труду», 1922-жылы сентябрдан «Каракольская правда» деп аталган. Совет өкмөтүнүн декреттери, борбордук жана жергиликтүү башкаруу органдарынын токтомдору жана буйруктары, жергиликтүү ревкомдун чечимдери, уездеги элдин турмушун чагылдырган макалалар, жаӊылыктар жана башкалар жарыяланып турган. Ысык-Көлдө Совет бийлигинин орношуна жана аны чыӊдоодо маанилүү роль ойногон.