КОСМОС
КО́СМОС (гр. kjsmos – катар, тартип, дүйнө, Аалам) – белгилүү тартипти, ырааттуулукту, сактаган материянын системасы. Гректер тарабынан илимге Ааламдын синоними катары киргизилген.Өзүнө планеталар, жылдыздар, галактикалар арасындагы мейкиндикти ж-а андагы бардык объектилерди камтыйт. Космос жылдыздардын ж-а галактикалардын дүйнөсү – алыскы космос ж-а Жердин жасалма жандоочулары аркылуу изилденүүчү жакынкы космоско бөлүнөт. «Космос» термини алгачкы Жердин жасалма жандоочусун учургандан тарта кеңири колдонула баштады.