КОСМОСТУК ЧЕЛНОК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:43, 3 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОСМОСТУК ЧЕЛНО́К – Жер орбитасына адам­дарды ж-а жүктөрдү ташуу үчүн колдонулуучу космос кемеси. АКШнын «Спейс шаттл» космостук челногу 1981-жылы учурула баштаган, ал эми советтик «Буран» космостук челногу орбитага «Энергия» деп аталган ракета алып жүрүүчүнүн жардамы м-н 1988-жылы автомат­тык түрдө өзүнүн жалгыз учуусун аткарган. Ошондой эле Европалык космос агентчилигинин «Гер­мес» космостук челногу иштелип чыккан. «Спейс шаттл» космостук челногунун транспорттук системасы негизинен үч ракеталык кыймылдаткычтан, эки катуу отун­дуу ракеталык ылдамдаткычтан турат ж-а алар учкандан эки мүнөт өткөндөн кийин ажырап жерге түшөт. Космостук челнок 30 тга чейинки жүктү алып жүрө алат. Кайра атмосферага киргенде планер сыяк­туу учуп, конуу жолуна конот. 1986-жылы январ­дан 1988-жылы сентябрга чейин АКШ «Челленд­жер» космостук челногунун жарылуусунан кийин «Спейс шаттл» програмасын иштетүүнү токтоткон. 1989-жылы учуулар калыбына келтирилген.