КОСОВО ТАЛААСЫНДАГЫ САЛГЫЛАШУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:16, 3 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОСОВО ТАЛААСЫНДАГЫ САЛГЫЛАШУУ (1389) – сербиялык-босниялык аскерлер м-н түрк султаны Мурад Iнин ортосундагы согуш. 1389-жылы 15-июнда азыркы Приштин шаарына жа­кын жерде, Косово талаасында князь Лазарь ба­шында турган 15–20 миң сербиялык-босниялык аскерлер түрк султаны Мурад Iнин армиясынан (27–30 миң) жеңилген. Лазарь туткунга түшүп, өлтүрүлгөн ж-а 50 миңдей серб аскери мууздал­ган. Согуштун жүрүшүндө Мурад I өзү да өлүп, (жаш серб Милош Обилич канжар м-н сайган), анын ордун баскан Баязид I (Мурад Iнин уулу) туткундарды өлтүрүүгө буюрган. Бул салгыла­шуудан кийин түрктөргө Дунай, Сава ж-а Ти­мока дарыяларынын алабындагы аймактар өткөн ж-а Сербия Осмон империясына көз каранды болуп, 1459-жылы анын курамына толук киргизилген.