КОСТРОМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:10, 4 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОСТРОМА́ – Россиядагы шаар. Кострома облусу­нун административдик борбору. Волга дарыясындагы порт. Кал­кы 271,7 миң (2008). Темир жол бекети. Текстиль өнөр жайынын (негизинен кебез-кездеме) көөнө бор­бору. Машина куруу («Мотордеталь», экскава-

Богоявленский Анастасия кечилканасы. 16–19-кылымдар.

тор, «Текстильмаш» ж. б. заводдор), жыгаччылык, химия, тамак-аш, курулуш материалдар өнөр жай иш­каналары иштейт. Үч ЖОЖ, драма театр, та­рыхый-архитектуралык музей-корук, көркөм-өнөр музейи бар. Богоявленский монастырь собору

(16-кылым), Ипатьевский монастырь ансамбли (16–18-кылымдар), Воскресение чиркөөсү (17-кылым), классика стилиндеги ансамбль, соода катарлары (18-к­ылымдын аягы, 19-кылымдын башы), өрт каланчасы (му­нарасы; 19-кылымдын аягы), гауптвахта (19-кылым) сак­талган. Шаар 12-кылымда негизделген.

Ад.: Раздумовская И. М. Кострома. Л., 1996; Кост­рома. Историческая энциклопедия. Кострома, 2002.