ГОЛЬФ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:35, 2 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОЛЬФ – табигый аянтта топ жана атайын чапкыч (бандал) менен ойнолуучу спорт оюну. Оюндун максаты чапкыч менен топту эӊ аз санда чаап чуӊкурчага киргизүү болуп саналат. Оюндун эрежесинде топту эки чабуу, үч чабуу, төрт чабуу, эки жолку топ, үч жолку топ, төрт жолку топ, ошондой эле чуӊкурчага жана эсепке ойноо деген түрлөрү бар. Анда оюнчу чуӊкурчага канча топ түшүрө алды же болбосо бир айланганда топту канча жолу чапты, ошого жараша жеӊишке ээ болот. Бул оюн орто кылымда Данияда пайда болуп, кийин Англияга тараган. Гольф азыркы учурда көптөгөн өлкөлөрдө (Америка Кошмо Штаттары, Улуу Британия, Австралия, Япония, Корея жана башкаларда) ойнолууда.