КӨБӨКОВ
КӨБӨКОВ (Кабеков, Кобеков) Имаш Кудайбергенович (20. 5. 1892, Пишпек уезди Константиновка кыштагы – 28. 2. 1928, Фрунзе) – Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуп, аны чыңдоонун активдүү катышуучусу. 1915-жылдары Чүй өнөр жай курулушунда иштеп, ал жерден А. И. Иваницын м-н таанышкандан кийин револшюциячыл ишмердигин баштаган. 1917-жылы май айында Х. Хасанов м-н бирге Кедей-кембагалдар союзун түзгөн. Кийин ал «Букара» союзу деп аталып, 1918-жылы октябрь айынан анын төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Эсерлер партиясынын мүчөсү (1918-жылга чейин), Жумушчу-дыйкандар советинин аткомунун мүчөсү (1918). Жумушчу-дыйкандар советинин Пишпек уезддик 1-съездинин РКП(б)нин мусулмандар бюросунун уезддик комитетинен жалпы кыргыз съездине делегат (1919). 1920-жылдын январынан Пишпек уездинин аскер комиссары, ошондой эле уезддин мамлекеттик, партиялык органдарында иштеген.
Ад.: Семенков В. Большевик Имаш Кобеков //Литературный Киргизстан. 1966, № 2.