ГРАДУСТУК ТОРЧО
ГРАДУСТУК ТОРЧО Ж е р д и н – географиялык карталардагы ж-а глобустардагы меридиандар (узундук) м-н параллелдердин (кеӊдик) системасы. Ал жер бетиндеги чекиттердин географиялык координаталарын аныктоо үчүн колдонулат. Ошондой эле объектилерди географиялык координата боюнча картага түшүрүү үчүн да пайдаланылат. Географиялык торчдодо меридиандын бардык чекиттери бирдей узундукка, ал эми параллелдики бирдей кеӊдикке ээ болот.