ГРАММАТИКАЛЫК КАТЕГОРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 24 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРАММАТИКАЛЫК КАТЕГО́РИЯ – грамматикалык бир өӊчөй маанилердин жыйындысы ж-а алардын атайын формалар м-н берилиши, грамматикалык
маани м-н грамматикалык форманын бирдиги. Кайсы бир сөз түркүмдөрүн мүнөздөөчү Грамматикалык категориянын жыйындысынан сөз өзү кирген топтук жалпы (категориялык) маани түзүлөт. Мисалы, ар бир жөндөмөнүн жекече мааниси жөндөмөлөр категориясына, ар бир чактын формасы чак категориясына бириктирилет. Грамматикалык категорияга жалпы мааниси ж-а морфологиялык, синтаксистик белгилери боюнча сөз түркүмдөрүнүн лексика-грамматикалык ири топтору да кирет (мисалы, этиш категориясы, тактооч категориясы ж. б.).