ВАВИЛОН ТУТКУНУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 21 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАВИЛО́Н ТУТКУНУ – байыркы еврейлердин тарыхындагы б. з. ч. 586-жылдан 539-жылгы чейинки мезгил. Вавилон падышасы Навуходоносор II Иерусалимди ээлегенден кийин, еврейлердин бир бөлүгүн күч менен Вавилонияга көчүрүп, туткундар ар кайсы аймактарга чачыранды отурукташтырылган. Алар бат эле жергиликтүү элдердин арасына сиӊип кетишип, еврей диаспоралары негизинен соода жана кол өнөрчүлүк менен алектенишкен. Б. з. ч. 539-жылы Вавилония перс падышасы Кир II тарабынан басып алынып, еврейлерге өз мекенине кайтууга уруксат берилгендигине карабастан, алардын көпчүлүгү кайтпай калган.