ВАДОЗ СУУЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 21 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАДО́З СУУЛАРЫ (лат. vadosus – тайыз) – 1) жер кыртышынын (литосфера) үстүӊкү катмарында пайда болуп, тоо тектердин тешиктеринен, көӊдөйчөлөрүнөн, жаракаларынан орун алган жер астындагы суулар (ювенил сууларына карама-каршы түшүнүк); 2) атмосфералык жаан-чачындын жер кыртышына сиӊишинен (инфильтрация) пайда болгон жана суунун табиятта айланышына катышуучу жер астындагы суулар. Вадоз сууларынын суусуз жерлерде айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө мааниси чоӊ.