ВАДУЦ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:38, 21 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАДУ́Ц – Лихтенштейн княздыгынын борбор шаары. Рейн дарыясынын өрөөнүндө. Калкы 5,4 млн (2017). Алгач 1150-жылдан эскерилет. 1342-жыл-

Вадуц сепили.

дан Вадуц княздыгынын борбору жана мезгил-мезгили менен графтыктын резиденциясы болгон. 1592-жылдан ярмарка өткөрүлөт. 1719-жылдан Лихтенштейн княздыгынын борбору. 1997-жылдан архиепископтун резиденциясы. 19–20-кылымдын курулуштары басымдуу. Сепил, «Лёвен» конок сарайы (1380), жаӊы готика стилиндеги кафедралуу Ыйык Флорина собору, жаӊы барокко стилиндеги өкмөт үйү, ратуша, музейлер бар. Текстиль, фармацевтика, так механика жана микроэлектроника буюмдарын чыгаруучу ишканалар иштейт. Туризм өнүккөн.