ВАЗА ДИНАСТИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:38, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВА́ЗА ДИНАСТИЯСЫ, В а с а (Vasa) – Швеция (1523–1654) ж-а Польша (1587–1668) королдору чыккан династия. Династия Густав Ваза аттуу швед ак сөөгүнүн атынан аталган. Ал 1523–60-ж. Густав I деген ат м-н Швед королдугун бийлеген. Анын Швеция тагында отурган урпактары: Эрих XIV (1560–68), Юхан III (1568–92), Сигизмунд (1592–1604; 1587–1632-ж. Польшанын да королу), Карл IX (1604–11), Густав II Адольф (1611–32), Кристина (1632–54). Польша королу Сигизмунддун мураскери болбогондуктан, анын кызы Екатерина Ягайло м-н Швеция королу Юхандын уулу Сигизмунд III деген ат м-н 1587–1632-ж. Польша тагына отурган. Сигизмунд IIIнүн Польша тагында отурган мураскерлери: Владислав IV (1632–48) ж-а Ян Казимир (1648–68).