ВАЗА ДИНАСТИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:40, 21 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВА́ЗА ДИНАСТИЯСЫ, В а с а (Vasa) – Швеция (1523–1654) жана Польша (1587–1668) королдору чыккан династия. Династия Густав Ваза аттуу швед ак сөөгүнүн атынан аталган. Ал 1523–60-жылдары Густав I деген ат менен Швед королдугун бийлеген. Анын Швеция тагында отурган урпактары: Эрих XIV (1560–68), Юхан III (1568–92), Сигизмунд (1592–1604; 1587–1632-ж. Польшанын да королу), Карл IX (1604–11), Густав II Адольф (1611–32), Кристина (1632–54). Польша королу Сигизмунддун мураскери болбогондуктан, анын кызы Екатерина Ягайло менен Швеция королу Юхандын уулу Сигизмунд III деген ат менен 1587–1632-жылдары Польша тагына отурган. Сигизмунд IIIнүн Польша тагында отурган мураскерлери: Владислав IV (1632–48) жана Ян Казимир (1648–68).