ВАЙГАЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:02, 22 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЙГА́Ч – Түндүк Муз океандагы арал. Баренц жана Кара (Карск) деӊиздеринин чек арасында. Архангел облусуна (РФ) карайт. Материктен Югор Шар, Жаӊы-Жер аралынан Кара Дарбазасы кысыктары аркылуу бөлүнөт. Аянты 3,4 миӊ км2дей. Түздүктүү рельеф басымдуу; жалдардын бийиктиги 137 мге чейин. Арктикалык тундра мүнөздүү; саз көп. Калктуу пунктары: Вайгач, Долгая Губа, Варнек, Дыроватый. 1950-жылдан уюлдук станция иштейт.