ВАЙДА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:06, 22 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВА́ЙДА (Wajda) Анджей (6. 3. 1926, Сувалки шаары – 9. 10. 2016, Варшава) – поляк режиссёру. Краковдо Көркөм сүрөт искусство академиясында окуган. Лодздагы Кинематография ж-а театр искусствосунун мамлекеттик жогорку мектебин бүткөндөн кийин (1954) режиссёрдун ассистенти болуп иштеген. «Муундар» кинофильминде (1955; ПЭРдин мамлекеттик сыйлыгы, 1955) 2-дүйнөлүк согуштун акырындагы антифашисттик күрөштүн жаш баатырлары тууралуу баяндалат. 1950–60-жылдарда «Канал» (1957), «Күл жана алмаз» (1958), «Лётна» (1959), «Самсон» (1961) фильмдерин койгон. Поляк классиктеринин чыгармаларын экрандаштырган. Вайда киноискусствого сиӊирген зор эмгеги үчүн эл аралык кинофестивалдардын сыйлыктарына (1998, 2006) татыган. «Мрамордон жасалган адам»

А. Вайда. «Пан Тадеуш» фильминен кадр. 1999.

(1976), «Наркозсуз» (1978), «Темир адам» (1981), «Дантон» (1983) ж. б. фильмдерди тарткан. Оскар сыйлыгын (2000), «Алтын аюу» мамлекеттик сыйлыгын (2006) ж. б. алган.
А. Пазылов.