КӨГӨРҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 16 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨГӨРҮҮ , ц и а н о з – организмге кычкылтек­тин жетишсиздигинен, башкача айтканда, кандын курамын­дагы кычкылтек м-н кошулбаган гемоглобин­дин көбөйүшүнөн теринин ж-а былжыр челдин көгөрүшү. Өпкөнүн жабыркашында (плеврит, пневмония ж. б.), жүрөк кемтигинде, уулануу­да (анилин, нитробензол ж. б. м-н) жалпы көгө­рүү байкалат. Кээде дененин айрым бөлүгүндө, кол бут венасында кан туруп калганда да көгөрөт.