ВАЛАХИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:43, 22 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛА́ХИЯ – Румыниянын түштүгүндөгү тарыхый аймак. Карпат тоолору менен Дунай дарыясынын ортосунда. Б. з. 106–271-жылдары бул аймак Рим империясынын карамагында болгон. 3-кылымдын аягында Валахияны готтор менен гепиддер, 4–6-кылымдарда хунндар менен аварлар ээлейт. 6-кылымда бул жерге славян уруулары келе баштайт. 8–10-кылымдарда Валахиянын бир кыйла аймагы Биринчи Болгар падышалыгынын курамына кирген. 9-кылымда Валахиянын калкы болгарлардан христиан динин кабыл алышкан. Валахияны 11–12-кылымдарда печенегдер, кыпчактар ээлеген; 13-кылымда бир бөлүгүн монгол-татарлар басып алган. 1324-жылдан Валахия өз алдынча княздык катары белгилүү. 14-кылымдын аягынан Валахия мамлекети түрк экспансиясына каршы күрөш жүргүзүп келген, бирок 15-кылымдын аягында түрктөргө биротоло баш ийген. 1826-жылы Россия менен Түркиянын ортосунда түзүлгөн Аккерман конвенциясына ылайык Валахия өзүн-өзү башкаруу укугун алган. Россия менен Түркиянын ортосундагы согуштун жыйынтыгында түзүлгөн Адрианополь тынчтык келишимине (1829) ылайык, Россиянын кепилдиги менен Валахиянын кеӊири автономиясы камсыз кылынып, 1829–34-жылдары аны Россия башкарып калат. 1848-жылы башталган революциялык окуялардын жүрүшүндө Валахияны орус жана түрк аскерлери басып алган. 1856-жылдагы Париж тынчтыгынын шарттарына ылайык Осмон империясынын курамындагы Дунай княздыктарынын автономиясына Россия, Франция, Улуу Британия, Сардиния, Австрия, Пруссия жана Осмон империясынын кепилдигинин негизинде 1861-жылы январда Молдова господары А. Куза Валахиянын да господары болуп шайланып, Валахия менен Молдованы бирдиктүү мамлекет катары жарыялаган жана аны Румыния деп атаган (к. Румыния, Молдавия).