БАРСКООН КОЛТУГУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:18, 23 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРСКООН КОЛТУГУ – Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги булуӊча. Барскоон кыштагынан 3,5 км аралыкта. Узундугу 1 км, туурасы оозунда 0,9 км, тереӊдиги 50 мдей. Барскон суусу куят. Батыш жээги жантайыӊкы, чыгышы тик; түштүк жана түштүк-батыш жээктеринде кумдуу жазы тилке жатат. Төрүнөн 200 м аралыкта голоценде көлдүн деӊгээли көтөрүлгөндө пайда болгон шилендилер кезигет. Булуӊчанын таманы чөкмө (кум, алевролит, чополуу илээшкек) тектерден туруп, көл тарапты карай жантаят.