ВАЛЕРИАН КИСЛОТАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:35, 22 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛЕРИА́Н КИСЛОТАСЫ (пентан кислотасы) – бир негиздүү карбон кислотасы, СН3(СН2)3СООН. Жагымсыз жыты бар, түзсүз суюктук, кайноо t 185,4°C. Химиялык касиети карбон кислотасына окшош. Валериан кислотасынын туздары жана эфирлери валераттар деп аталат. Өнөр жайда 1-бутенден же амил спиртин окистендирүүдөн алынат. Изовалериан кислотасы (СН2)3СНСН2СООН (3-метилбутан кислотасы) практикада маанилүү. Ал мышык тамыр жыттанган кислота, кайноо t 176,5°C, туздары жана эфирлери – изовалераттар. Негизинен дары мышык тамырдан же изоамил спиртин окистендирүүдөн алынат. Валериан кислотасынын эфирлери мөмө жана гүл жыттангандыктан, тамак өнөр жайында, парфюмерияда жагымдуу жыт берүү үчүн, изовалериан кислотасы фармацевтикада (валидол, карвалол, валокардин ж. б. алуу үчүн) колдонулат.