ВАЛИУЛИНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:51, 22 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛИУЛИНА Гүлчахра (Гульчира) (23. 8. 1923, Челябинск облусу, Ичкин айылы – 11. 1. 2014, Бишкек) – опера ырчысы, ырчы, Кыргыз ССРинин эмгек сиӊирген артисти (1963). Бишкектеги татар-өзбек мектебинде окуган. 1940-жылы Кыргыз филармониясынын бий ансамблине кабыл алынган. Кийин ырчылык кесипке өткөн. Ж. Шералиев, К. Молдобасанов, А. Малдыбаев, А. Аманбаев

ж. б. композиторлордун ырларын тунук, мукам үнү менен чебер аткарган. Айрыкча Ж. Шералиевдин «Түшүмдө», «Белегиӊ», «Сулуу кыз», А. Малдыбаевдин «Эмне үчүн», «Фрунзем», К. Молдобасановдун «Өрттөнсүн бозой жалынга», «Селкиге», Н. Давлесовдун «Жылкычы бозой», «Саанчы жеӊе» ж. б. ондогон ырлары Валиулинанын аткаруусунда кыргыз ырларынын классикасына айланган. 1958-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүнө катышкан. СССРдин курамындагы союздук республикалардын бардык шаарларында гастролдо болгон. «Ардак Белгиси» ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган.
Ад.: Алагушов Б. Кыргыз улуттук филармониясы. Б., 2006.