ВАЛЛА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:08, 23 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВА́ЛЛА Лоренцо (Valla Lorenzo) (1407, Рим – 1. 8. 1457, ошол эле жерде) италиялык философ жана логик. Эпикурдун философиясы менен этикасын жактоочу – байыркы диний тексттерди сын көз менен илимий-изилдөөгө алгандардын көрүнүктүү өкүлү. «Константин тартуусу» делген документтин б. з. 8-кылымынын орто ченинде Рим папасынын канцеляриясы тарабынан чыгарылган жасалма Грамота (император ыйгаруучу бийлик укугу) экенин далилдеп чыккан. Негизги эмгектери: «Эркин эрк жөнүндө», «Кечил аялдардын чиркөөлүк убадасы тууралуу» ж. б. Аларда христиан чиркөөсүнүн аскетизмин сынга алып, адам деген турмуш жыргалын жаратууга жана андан ыракат алууга жаралган деп эсептеген.