ВАЛЛЕТТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:15, 23 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛЛЕ́ТТА , Л а-В а л л е т т а – Мальта Республикасынын борбор шаары. Калкы 5,7 миӊ (2016). Мальта аралынын түндүк-чыгыш жээгиндеги порт,

Валетта шаарынын гаваны.

Жер ортолук деӊиздеги суу жол тоому (жылына 2 млн т жүк ташылат). Эл аралык аэропорту бар. 1565-жылы негизделген. Иоаннит рыцарь орденинин магистри Ж. Паризо ле Ла Валлеттин ысмынан аталган. Соӊку ренессанс жана барокко стилиндеги көптөгөн курулуштар сакталган. Театр, улуттук китепкана, университет, музейлер (анын ичинен улуттук археология, асем исккусство ж. б.) бар. Валлетта-туризмдин борбору, ал Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Шаардын экономикасында тейлөө чөйрөсү үстөмдүк кылат. Тамак аш, текстиль, тигүү, кеме ремонттоо өнөр жайы, салт болуп калган тор түйүү, кол өнөрчүлүк (айнектен буюм жасоо) өнүккөн. Шаардын чет жакасында эски курулуштар (15–16-кылымдар), Сан-Лоренцо чиркөөсү (15-кылым), деӊиз музейи (1992) бар.