ВАЛЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:17, 23 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВА́ЛЛИ – Улуу Британия ээлиги – Ангильянын административдик борбору. Ангилья аралында жайгашкан. Калкы 1,4 миӊ (2006). Уоллблейк эл аралык аэропорту иштейт. Башкы финансы, соода, туристтик борбор. Теннис академиясы, калк китепканасы, тарых музейи, сүрөт галереясы бар. Жыл сайын августта карнавал өткөрүлөт.