ВАЛЬС
ВАЛЬС (нем. walzen – айлануу) – музыкалык жанр; жай жүрүштө тегеренип, эки адам бийлөөчү бий.

Музыкалык өлчөмү адатта 3/4. 18-кылымдын 2-жарымында шаар турмушунда пайда болгон. Мекени Түштүк Германия жана Австрия. 19-кылымда бүтүндөй Европага, айрыкча вена вальсы өтө кеӊири тараган. Вальстын эӊ мыкты үлгүлөрүн ата-бала Штраустар, Ф. Шуберт, Р. Шуман ж. б. композиторлор жазышкан. Музыкалык театрда (операда, балетте, оперетталарда) пайда боло баштаган. Вебер фортепьяно үчүн («Бийге чакыруу»), Глинка оркестр үчүн («Вальс-фантазия») чыгармаларды, Чайковский симфонияларды, сюиталарды жазган. Вальс жанры орустун классикалык музыкасында да күчтүү өнүккөн. Кыргыз профессионал музыкасында да Вальс жанры калыптанган (мисалы, Раухвергердин «Чолпон» балетинен вальс, А. Түлөевдин «Жаштар вальсы», К. Молдобасановдун «Ысык-Көл вальсы», К. Тагаевдин «Көл вальсы» ж. б.).