ВАЛЬЯДОЛИД

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:54, 23 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛЬЯДОЛИ́Д – Испаниянын түштүк бөлүгүндөгү шаар. Эски Кастилия тарыхый аймагынын негизги шаары жана Вальядолид провинциясынын административдик борбору. Калкы 332,9 миӊ (2006). 1074-жылдан эскерилет. Машина куруу жана трактор кураштыруу, металлургия (болот, алюминий эритилет), тамак-аш (негизинен ун), химия (азот жер семирткичи), жүн, булгаары өнөр жайы, университет, король сүрөт академиясы, калк китепканасы, музейлер бар; темир жол жабдуулары чыгарылат. Зергерчилик өнүккөн. Санта-Мария ла Антигуа (11–14-кылымдар), Сан-Пабло (15-кылым; платереско стилинде), Сантьяго ж. б. чиркөөлөр, галерея менен тегерете курчалган Пласа Майор аянты (16-кылым) ж. б. сакталган. Х. Колумбга эстелик тургузулган (ал ушул шаарда каза болгон).