ВАЛЮТАНЫН РЕАЛДУУ АЛМАШУУ КУРСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛЮТАНЫН РЕАЛДУУ АЛМАШУУ КУРСУ чет өлкөлүк валютанын атамекендик валютанын бирдиги м-н көрсөтүлүүчү баасы. Мис.‚ АКШнын 1 долларына сомдун алмашуу курсу. В. р. а. к-н кээде сооданын шарты деп аташат. Алмашуу курсу реалдуу ж-а номиналдуу деп бөлүнөт. Эгер В. р. а. к. жогору болсо‚ анда чет өлкөлүк товарлар салыштырмалуу арзан‚ ал эми өз ата мекенинде чыгарылган товарлар салыштырмалуу кымбат болот.