ВАЛЮТА CЕБЕТИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 23 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛЮ́ТА CЕБЕТИ – улуттук валютанын валюта курсун эсептөө максатында колдонулуучу валютанын белгиленген топтому. Топтомдогу валютанын саны‚ алардын курамы‚ ошондой эле эле валюта бөлүкчөлөрүнүн чоӊдугу өлчөнгөн орточо курсту белгилөө маселесине жараша аныкталат. Валюта себетин эсептөөдө ошол өлкөнүн жалпы улуттук дүӊ продуктудагы‚ өлкөлөрдүн белгилүү бир тобунун тышкы соода айланымындагы үлүшүнүн көрсөткүчү өзгөчө «салмак» катары чыгат. Валюта себети негизинде курулган эл аралык эсеп бирдиктери: беш улуттук валютаны камтыган (АКШ доллары‚ ГФР маркасы‚ япон иенасы‚ француз франкы‚ англиялык фунт стерлинги) «Өздөштүрүүнүн атайын укугу» (CДР) жана Европа валюта системасы (ЭКЮ). 1989-жылы расмий валюта резервдеринин жалпы суммасы 340 млрд CДРди түзгөн‚ анын ичинен Японияда – 60‚3‚ Германияда – 42‚6‚ АКШда – 33‚2.