ВАНАХУН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:32, 24 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАНАХУН Мансуз [23.11.1907, Россия империясы, Түркстан крайы, Жети-Суу облусу, Пишпек (азыркы Бишкек) шаары – 5. 7. 1943, РСФСР, Орловск облусу, Малоаархангельск району, Согласный кыштагы] – Советтер Союзунун Баатыры (8.9.1943). 20-кылымдын 20-жылдары бир туугандары менен Милянфан (азыркы Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу айыл) айылына көчүп келишкен. 1942-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылган. Кенже командирлер мектебин бүтүп, минометчик адистигине ээ болгон. Улуу Ата Мекендик согушта 11-миномётчулар бригадасынын (12-артиллериялык

дивизия) миномёттук расчётунда командир. 1943-жылы 5-июлда Курск облусундагы Согласный кыштагынын түштүк-батышында душман менен болгон урушта сержант Ванахундун расчёту катардан чыккандан кийин фашисттердин чабуулуна Ванахун өзү жалгыз туруштук берет. Акырында минаны жарып, курчап келген гитлерчилерди кыйратып, өзү да курман болгон. Ленин ордени менен сыйланган. Советтер Союзунун Баатыры наамы курман болгондон кийин берилген. Орловск облусундагы Малоархангельск районунун Протасова кыштагында (Россия Федерациясы) мемориалдык такта орнотулган. Анын ысмы менен Милянфан айылындагы мектеп, Кант шаарындагы көчө аталып, Милянфанда музей-үйү уюшулуп, «Ванахундун эрдиги» аттуу документалдуу фильм тартылган.