ВАН ГОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:52, 24 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАН ГОН (31.1.877, Сондо, Тхэбон – 4.7.943, Кэсон, Корё) – Кореядагы Корё мамлекетинин (918–943) алгачкы башкаруучусу (ван), династиянын негиздөөчүсү. Алгач Кореядагы Тхэбон мамлекетинин башкаруучусу Кун Енин вассалы болгон. Тхэбон жана Хупэкче мамлекеттеринин ортосундагы согуш учурунда абалын бекемдегенге жетишип, 918-жылы Кун Ени бийликтен алып, өзүн Тхэбондун башкаруучусу деп жарыялап, мамлекетти Корё деп атаган. 935-жылы Силла мамлекетинин акыркы падышасы да ага тактысын бошотуп берген. 936-жылы Ван Гон Хупэкче мамлекетин талкалап, бүткүл Кореянын башкаруучусуна айланган.