ВАНДАЛИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:30, 24 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАНДАЛИ́ЗМ – маданий жана материалдык баалуулуктарды максатсыз, түркөйлүк, наадандык менен талкалап жок кылуу. Өзүнүн агрессивдүүлүгү, ырайымсыздыгы менен айырмаланган байыркы герман урууларынын тобу – вандалдар 455-жылы Римди талап-тоноп, көптөгөн антикалык маданий эстеликтерди талкалаган. Ошондон «Вандализм» деген сөз калган. Вандализмди адамга карата колдонгондо наадандыкты, маданиятсыздыкты, түркөйлүктү, оройлукту билдирет. Вандализм – жазык укугунун маанисинде коомдук адеп-ахлакты одоно бузган (курулуш жайларга, имараттарга уят сөздү жазуу, коомдук транспортту бүлдүрүү ж. б.) аракеттер. Вандализм кылмыш курамы боюнча чоӊ коркунуч келтирбеген кылмыштар жигине кирет.