ВАНКУВЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:48, 24 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАНКУ́ВЕР – Канаданын түштүк-батышындагы шаар. Британия Колумбиясы провинциясында. Калкы 800,0 миң (2016; агломерациясында 2,1 млн). Ванкувер – провинциянын илимий, маданий, ишкердик жана туристтик борбору. Өлкөнүн Тынч океандын жээгиндеги ири деӊиз порту (жылына 76,5 млн т жүк ташылат). Ири жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1870-жылы пайда болгон. Гранвилл тургун жайы 1886-жылы шаар статусуна ээ болуп, Тынч океандын жээгин иликтеген (1792) англиялык деӊиз сүзүүчүсү Ж. Ванкувердин ысымынан аталган. 19-кылымдын аягынан Ванкувер Канаданын ири чарба борбору. Шаарда 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында түз көчөлөрдүн жыш тармагы, көптөгөн парктар, жаӊы классика стилиндеги турак жайлар, болоттон асма көпүрө (1939) курулган. Университеттер, музейлер, сүрөт галереясы, театрлар бар. Улуттук искусство борбору. Жыл сайын

Шаардын көрүнүшү.

эл аралык кинофестиваль жана 2 жылда бир даректүү фильмдердин эл аралык фестивалы өткөрүлүп турат. Канаданын ири өнөр жай борборлорунун бири. Кеме куруу, жыгаччылык, нефть ажыратуу, тамак-аш өнөр жайлары өнүккөн.