ВАРРАНТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:03, 27 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАРРА́НТ (англ. warrant – ыйгарым укук‚ ишеним кат) – товардын ээсине аны кампага өткөрүп жатканда берилүүчү күбөлүк. Варрант адатта эки бөлүктөн турат: кампа күбөлүгү жана Варранттын өзү. Ал баалуу кагаздын бир түрү‚ анткени товардын ээси Варрантты сатып алуучуга индоссамент боюнча берүү менен аны сатууга же күрөөгө коюуга укуктуу.