ВАРФОЛОМЕЙ ТҮНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАРФОЛОМЕ́Й ТҮНҮ – 1572-ж. 24-август түнү Парижде гугенотторго католиктердин кыргын салышы. Кийин ал кыргын өлкөнүн башка провинцияларына да жайылган. Ич ара каршылашып келген католиктер м-н гугеноттор 1572-ж. өз ара тынчтык келишим түзүшүп, аны француз

«Варфоломей түнү». Ф. Дюбуанын картинасы 16-к.
Карнавале музейи (Париж).

королу Карл IXнун карындашы Маргарита Валуа м-н гугеноттордун башчысы Генрих Наварранын никеси аркылуу бекемдөөнү макулдашышкан. Королева Екатерина Медичи ж-а Гизы католиктеринин башчылары гугеноттордун күч алып кетишинен чочулап, нике тойго чакырылган бир нече миӊдеген дворян-гугенотторду өлтүрүүнү чечишет. Болочок король Генрих IVнүн үйлөнүү тоюн өткөрүп жаткан түнү (ыйык Варфоломей майрамына тушташ) 3000ден ашуун гугенотту өлтүрүшкөн. 25-августтан 3-октябрга чейин Франциянын башка шаарларында да он миӊге жакын гугеноттор кырылган. В. т-нүн натыйжасында өлкөдө диний согуштар кайрадан жанданган. Ушундан улам «В. т.» түшүнүгү атайын уюштурулган массалык кыргынды билгизип калган.
Ад.: Варфоломеевская ночь: События и споры. М., 2001.