ВЕНА КЛАССИКАЛЫК МЕКТЕБИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:42, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

В́ЕНА КЛАССИКАЛЫК МЕКТЕБИ – 18-к-дын 2-жарымы – 19-к-дын башында Австрияда калыптанган муз. чыг-лыктын багыты. Өкүлдөрү – Й. Гайдн, В. Моцарт, Л. ван Бетховен. Алар профессионал ж-а элдик музыканын өнүгүү тажрыйбаларын жалпылоо м-н универсалдуу муз. тил иштеп чыгышкан. Алардын аспаптык түрмөктөрүнүн – симф., камералык ансамбль чыгармаларынын өзөгүн соната формасы түзөт. В. Моцарт, Л. Бетховен опера, Й. Гайдн оратория жаатында зор ийгиликке жетишкен. В. к. м-нин композиторлорунун чыг-лыгы дүйнөлүк музыка өнөрүнүн гүлдөө мезгили болгон.