ВАШИНГТОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВА́ШИНГТОН – АКШнын борбор шаары. Колумбия федерация округу болуп бөлүнүп, өзгөчө адм. статуска ээ. Өлкөнүн башкы саясий, маданий, ил. борбору. Калкы 706,0 миӊ (2020; а. и. 60%тейи африка-америкалыктар); Чоӊ В-дуку 5,1 млн. Атлантика океанынын жээгинде, Потомак д-нын төмөнкү агымынын боюнда, деӊиз деӊг. 128 м бийиктикте жайгашкан. Ири жолдор тоому. эл аралык аэропорттору (Ж. Ф. Даллес, Балтимор – Вашингтон, Р. Рейган атн.), метрополитен бар. Дарыя порту. АКШнын Конгрессинин чечими м-н 1791-ж. негизделген. АКШнын 1-президенти Ж. Вашингтондун урматынан аталган. 1802-жылдан шаар статусуна ээ. Америка мамлекеттери уюмунун, Эл аралык валюта фондунун туруктуу кеӊештери, Бүткүл дүйнөлүк реконструкциялоо ж-а өнүктүрүү банкынын башкармалыгы жайгашкан. Көптөгөн эл аралык конф-ялар [а. и. Вашингтон конференциясы (1921–22)], массалык коомдук-саясий иш-чаралар, марш, манифестация, митингдер өтүүчү жай. Шаардын алгачкы планын 1791–93-ж. арх. П. Ш. Ланфан мамл.

Ак үй.

ишмер Т. Жефферсондун катышуусунда түзгөн. Размери 1010 миль болгон аянтта тик бурчтуу жыш көчөлөр тармагы («стрит»), диагональ проспектилери («авеню») чийилген. Башкы огу дөӊсөөдөгү Капитолийди түздүктө жайгашкан Ак үй, Ж. Вашингтон, А. Линкольндун эстелик ансамблдери м-н байланыштырат. Негизги композициялык түйүндөрү – классицизм стилиндеги ири адм. имараттары. Эски ратуша, казына, патент агентчилиги ж. б. м-н өзгөчөлөнөт. 1870–90-ж. Монументалдык курулуштарынан мамл., деӊиз департаменттери, кенен парк системасы, Ыйык Пётр ж-а Павел собору, Юнион-стейшен вокзалы, шаар куруу ж-а турак жай департаменттери бар. Жоржтаун турак-жай району байыркы аз кабаттуу үйлөрү м-н тарыхый аймак катары коргоого алынган. Жефферсонго, Вьетнамда болуп өткөн согуштун ардагерлерине мемориалдык эстеликтер тургузулган. Потомак д-нын оӊ жээгинде Арлингтон шаар айланасы (Пентагон, 1940–41), Арлингтон улуттук көрүстөнү, Ф. Даллас аэропорту, аэровокзал жайгашкан. В-да өлкөнүн ири ил. борборлору Улуттук ИА (1863; Улуттук изилдөө кеӊеши м-н), Улуттук инж. академия (1964), медицина, Смитсон инттары, аскер-деӊиз обсерваториясы (1930) ж. б. иштейт. Ири ун-ттери: Жоржтаун (1789), Ж. Вашингтон (1821), Колумбия округунун (1851), Галлаудет (1864), Гарвард (1867), Түш.-Чыгыш (1879), Католик (1887), Америка (1879), Тринити-коллеж (1897). Ири китепканалары: АКШ Конгрессинин Сенаттын (1871), Колумбия округу калк (1896) ж. б. Негизги музейлери: Улуттук иск-во, Фрир сүрөт (1906), Хиршхорн (1966), Улуттук портрет ж-а Африка иск-восу гал-лары (1962), Абада сүзүү ж-а астронавтика улуттук (1946), тыӊчылыктын эл аралык ж. б. Кеннеди борбору бир нече театрларды ж-а концерт мекемелерин бириктирет. Театрлары: Улуттук, «Арена стейдж», Вашингтон балети, Вашингтон улуттук операсы; улуттук симфониялык оркестри иштейт. 1986-жылдан жыл сайын эл аралык жаз музыка конкурсу өткөрүлүп турат. Шаар калкынын 89% тейлөө чөйрөсүндө эмгектенет. Мамл. аппаратты, эл аралык уюмдарды банк-кредит системасын, ишкерлер чөйрөсүн, камсыздандыруу бизнесин, инфраструктураны, телекоммуникация м-н байланышты тейлейт. В-да ири компаниялар «Gannett» медиахолдингинин, «ХМ Satellite Radio» телерадио-компаниясынын, «Marriott» (бүткүл дүйнөлүк отеллдер тармагы) компаниясынын, финансы концернинин, штаб-квартиралары, о. эле АКШнын коргоо министрлиги, алдыӊкы америкалык компаниялар, коомдук, менчик коммерциялык эмес, мамл. уюмдары жайгашкан.
Шаардын экономикасынын башкы тармагын туристтик бизнес (жылына 1 млндон ашык; Канада м-н Мексикадан тышкары) түзөт. Полигр., тамак-аш өнөр жайлары өнүккөн. Мезгилдүү басылмалардан «Вашингтон пост», «Ю-Эс-Эй тудей» гезиттери чыгат. Дүйнөдөгү эӊ ири коргоо мекемеси (авиа ж-а космос техникалары), генетика тармагын изилдөөчү компаниялар ж. б. бар.
Ад.: Вашингтон// Большая Российская энциклопедия. Т. 4. М., 2006.