ВЕБЕР Альфред

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:24, 10 Июль (Теке) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕ́БЕР (Weber) Альфред (30.7.1868, Эрфурд – 2.5.1958, Гейдельберг) – немец экономисти жана социологу. Тарых менен маданият социологиясынын жаӊы концепциясын иштеп чыккан. Анын теориясы боюнча тарыхтын өнүгүшү интеллигент (акылман) төбөлдөрдүн рухий чыгармачылыгынын жүзөгө ашырылышы аркылуу аныкталат. Вебердин түшүнүгү боюнча тарых деген бул дайым өзгөрмө кыймылдагы жана айрым жактарынан теӊ салмактуулугу туруксуз боло берүүчү процесс болгону менен ички жана тышкы түзүлүшү бар. Ички түзүлүшү – «тарыхый дененин» кайсынысын болсо да өзүнчө мүнөздөөчү, ар кимиси өз алдынча үч компоненттен: коомдук процесстен (экономика, социалдык алакалар, саясат жана мамлекет), цивилизациялык процесстен (илим жана техника) жана маданий кыймыл-аракеттерден (дин, философия, искусство) турат. Анын ою боюнча социологдун милдети өзүнүн бирдиктүү, мезгил-мейкини бар ар бир «тарыхый денедеги» көрсөтүлгөн факторлордун сейрек айкалыштарын (констелляцияны) ачып берүүдө турат. Тарыхтын тышкы курамы Адам менен Жердин өз ара таасир көрсөтүүлөрүнүн жүрүшүндөгү жанаша жашоосун жана өз ара катышын сыпаттап берет. Кайра жаралуу доорунда Батыш Европа коомунун түпкүрүндө Жерди активдүү өздөштүрүү жана аны адамдын керектөөсүнө багындыруу тенденциясы пайда болду. Адамзат тарыхында биринчи жолу цивилизациялык компонент маданий компонентке үстөмдүк кылуу абалына жетти. 20-кылымдын башында илим-техниканы чексиз өнүктүрүүгө негизденген Батыш өлкөлөрү, акыры, планетабыз да чектелүү экени менен эсептешүүгө көбүрөөк аргасыз болушууда. Анткени, цивилизациялык процесс менен маданий жылыштардын ортосундагы ажырым Батыш цивилизациясынын «тарыхый денесине» кыйраткыч сокку болорун, ал эми адамзат болсо, жашоонун жаӊы шарттарына даяр эместигин көрсөттү.