ВЕГЕТАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕГЕТА́ЦИЯ (лат. vegetatio – дүүлүгүү, жандануу) – өсүмдүктүн өсүүсү, активдүү тиричилик абалы. Өсүмдүктөрдүн тыным мезгилинен айырмаланып, В. мезгилинде өсүмдүктө азыктануу, өсүү, запас орг. заттарды топтоо, көбөйүү, түшүмдүн (урук, үрөн, мөмө-жемиш, түймөктөрүнүн ж. б.) бышып жетилүү процесстери жүрөт (к. Вегетация мезгили).