ВЕДАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:41, 10 Июль (Теке) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕДАЛАР (санскр. сөзмө-сөз – билим) – байыркы инди (веда) тилиндеги эстеликтер (б. з. ч. 2-миӊ жылдыктын аягы – 1-миӊ жылдыктын башы). Ведаларды же веда адабиятын гимндер менен курмандык формулаларынын жыйнактары (Ригведа, Самаведа, Яжурведа, Атхарваведа), теологиялык трактаттар (брахмандар, упанишадалар) түзөт. Ведалар – эӊ байыркы Индиянын социалдык-экономикалык жана маданий тарыхы боюнча баалуу маалымат берүүчү дарек.